Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Ош шаарында беш өткөрмө бекет иштөөдө


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун “Азаттыкка” тастыкташынча, учурда Ош шаарына кире бериш жерлеринде беш өткөрмө бекет иштеп жатат. Кырдаалга жараша жалпысынан тогуз өткөрмө бекет коюу пландалган. Бул июнь коогасынын бир жылдыгын утурлай коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралардын бири болууда. “Учурда абал тынч. Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленүүдө”, - дейт Сыдыков.

Шаарда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде күнү-түнү кезектешип иштеп жатат. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Рахматулла Ахмедов Ош жана Жалал-Абадга 1-июндан тарта кошумча күч органдарынын өкүлдөрү жөнөтүлөрүн “Азаттыкка” билдирген. Сыдыков азырынча кошумча милиция кызматкерлери башка жактардан келе электигин жана шаардын тартип коргоо органдары жетиштүү экенин кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG