Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Йемендеги кагылышта 40тан ашык киши каза тапты


Йемендик доктурлардын билдиришинче, өткөн түнү баш калаа Санаада өкмөт аскерлери менен атаандаш уруу жоокерлеринин ортосундагы кагылыштарда 40тан ашык киши курман болду. Көчө кагылыштары уланып жаткандыгы кабарланууда. Уруулар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышы кечээ башталган. Андан төрт күн мурда ортодо убактылуу элдешүү тууралуу келишим жетишилген эле. Кечээ Санаадан түштүктөгү Таез шаарында президент Али Абдулла Салехке каршы демонстрациянын жети катышуучусу окко учкан эле. Салехтин кызматтан кетишин талап кылган демонстрациялар жыл башынан бери токтобой келатат.

XS
SM
MD
LG