Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Бабанов Баткенди кыдырууда


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов учурда Баткен шаарынын мэриясынын жаңы курулуп жаткан имараты жана мектептин курулушу менен таанышты. Ошондой эле бүгүн Бабанов Лейлек районунун эли менен жолугушуп, аймактын Тажикстан менен чектешкен Жаңы-Жер айылына барат. Аталган аймакта чек ара бекети жок болгондуктан күйүүчү май Тажикстанга мыйзамсыз ташылып жатканы айтылып жүрөт.

3-июнда Бабанов Баткен облусунун мунай жана газ чыккан Бүргөндү өрөөнүнө барары күтүлүүдө. Андан соң Кызыл-Кыя цемент заводунун иши менен таанышмакчы.

Баткендин аймагынан Өзбекстан бир канча жылдан бери мунай менен көгүлтүр отунду бекер тартып алып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG