Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Болот Шер генерал-лейтенанттык наамдан баш тартаарын айтып чыкты


Буга байланыштуу президент Роза Отунбаевага жазган арызын депутат, мурдагы ички иштер министри Болот Шер бүгүн Жогорку Кеңеште июнь коогасын иликтеген депутаттык комиссиянын бүтүмүн талкуулаган учурда окуп берди. Болот Шер июнь коогасын алдын алалбай калган үчүн өзүн да күнөөлүү деп эсептеп, Кыргызстан элинен кечирим сурады. Мындан сырткары депутаттык мандаттан баш тартарын, “Ата Мекен” партиясынан чыгарын жарыялап, буга байланыштуу арыздарды ЖК төрагысы Акматбек Келдибеков менен “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге тапшырды.

Болот Шерге милициянын генерал-лейтенанты наамы 7-апрелден кийин берилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG