Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Коогада мерт болгон 21 адамдын сөөгү таанылбай жатат


Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, буга чейин Москва шаарында жүргүзүлгөн экспертизада 12 адамдын сөөгү таанылса, жакында Бээжиндеги экспертизада 15 адамдын кимдиги аныкталды. Ал эми 21 адамдын сөөгү таанылбай келет.

Таанылбай жаткандардын ичинен үч адамдын сөөгү күйүп кеткенине байланыштуу аларга экспертиза жүргүзүү мүмкүн болгон жок. Ал эми 18 адамдын сөөгү менен жакындары курман болгон адамдардан алынган кан үлгүлөрү дал келбей калды. Министрдин орун басары билдиргендей, мындан ары ДНК экспертизасы жүргүзүлбөйт. Эгер жакындарын издеген адамдар бар болсо, алардын кан үлгүлөрү менен 18 адамдын ДНКсы гана салыштырылмакчы.

Өткөн жылкы июнь коогасынан кийин жалпысынан 76 адамдын сөөгү таанылбай калган. Алардын бир катарынын кимдиги атайын экспертизага чейин эле кайсы бир белгилери менен аныкталган. Ал эми таптакыр таанылбаган сөөктөрдөн үлгүлөр жана жакындарын издегендерден кан алынып, алгач август айында Москва шаарына ДНК анализине жөнөтүлгөн. Андан соң экпертиза иштери Кытайдын Бээжин шаарында улантылган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG