Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

К.Ташиев июнь коогасы үчүн Убактылуу өкмөттү айыптады


“Ата Журт” фракциясынан депутат Камчыбек Ташиев июнь коогасына Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн айыптады. “Ошол убакта мамлекеттик бийлик органдарын ээлеген адамдардын жоопкерчиликтерин карап, күнөөлүүлөрдү жазалоо керек”, – деди депутат.

Ташиев былтыр түштүктө орун алган кандуу окуяларга биринчи Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, андан кийин өзбек жикчилдери жооптуу болгонун айтып, бул боюнча тергөө иштерин жүргүзүү зарылдыгына токтолду.

Депутат кооганы иликтөөгө алган эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюненди Жогорку Кеңешке чакырууну сунуштап, комиссия атынан бир жактуу бүтүм чыгарууга анын моралдык укугу жок экендигин айтты.

Түштүктө орун алган коогалаңды иликтеген эл аралык комиссиянын корутундусун АКШ жана Евробиримдик кубаттаган. (EK)

XS
SM
MD
LG