Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:09

Младичти Гаага соту экинчи ирет 4-июлда сурайт


Гаага соту Босния сербдер армиясынын мурдагы генералы Ратко Младичтин ишин кароону бир айдан кийин улантат.

Бүгүнкү алгачкы отурумда судья Альфонс Орие Младичти айыптар менен тааныштырды. Мурдагы генерал 1992-1995-жылкы Босниядагы согуштарда, адамга каршы кылмыштарга, аскерий кылмыштарга, геноцидге барган деп айыпталууда. Младич айыптар менен таанышууга убакыт сурады:

- Азыр сиз окуган жагымсыз айыптоолор менен мен адвокатым менен чогуу кунт коюп окуп чыгышым керек. Айыптоочу актыларга тиркелген, мен мурда укпаган, түрү суук сөздөр менен кунт коюп таанышып чыкканга бир айдан ашык убакыт талап кылынат.

Ратко Младич 26-майда Сербияда кармалып, ушул шейшембиде Гаага сотуна өткөрүлүп берилген. Ал соттон 16 жылдан бери жашынып келаткан.

XS
SM
MD
LG