Кичи футбол боюнча бул мелдеш Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын арасында өткөрүлүп жатат. Бишкектеги “Дордой” стадионунда өтүп жаткан мелдешке “Азаттык”, “АКИпресс”, “КТРК”, “ЭлТР”, “ЛСМ радио”, “Театр Дэм”, “РРТЦ” жана “Кыргыз радиосунун” кызматкерлеринен түзүлгөн командалар катышууда. Алгачкы оюнда “Азаттыктын” командасы “Кыргыз радиосун” 2:1 эсебинде утуп алды. (KKs)