Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Отунбаева Венгрияга расмий сапар менен кетти


Бүгүн, 6-июнда президент Роза Отунбаеванын Венгрия Республикасына болгон расмий сапары башталат. Сапардын алкагында өлкө башчысы жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрүп, бизнес-форумдун ишине катышат жана“Кыргыз-венгр достук коомунда” болушу күтүлүүдө. Ошондой эле Отунбаева Венгриянын көрүнүктүү илим жана маданият ишмерлери, Венгриянын парламент өкүлдөрү менен жолугат.

7-июнда президент Роза Отунбаева Австрияда өтө турган Европа жана Борбордук Азия боюнча бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга да катышары күтүлүүдө. Бул сапардын алкагында Отунбаева Бруно Крайский атындагы Эл аралык диалог форумунда чыгып сүйлөөсү, андан тышкары, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүсү пландалууда. (EK)

XS
SM
MD
LG