Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

НАТО Ливияга чабуулдардын жыйынтыгын талкуулайт


Бүгүн Брюсселдеги жыйында Коргоо министрлер акыркы эки айдан бери НАТОнун аба күчтөрү Ливияга уруп жаткан соккулардын натыйжалуулугун карашууда. Өткөн аптада альянс Ливияда элди лидер Муаммар Каддафинин режиминен коргош үчүн аба соккуларын дагы 90 күнгө улантууну чечкен. Андан бери НАТОнун күчтөрү Триполиде бир топ алкактуу чабуулдарды жасашты. Бирок Каддафи дагы эле артка чегине элек. Кечээ мамлекеттик телеканалда уктурулган аудио-кайрылууда Каддафи “өлсөм да, өлкөмдөн кетпейм” деди. Бүгүн кечирээк Брюсселде НАТО-Орусия кеңешинин жыйынында Коргоо министрлери ракетадан коргонуу системасын талкуулашат.

XS
SM
MD
LG