Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Келдибековдун ишмердүүлүгү сүрүштүрүлө баштады


Челленжер” (Challenger) аттуу бизнес класстагы жеке менчик учактын ички көрүнүшү. Сүрөт интернеттен алынды.
Челленжер” (Challenger) аттуу бизнес класстагы жеке менчик учактын ички көрүнүшү. Сүрөт интернеттен алынды.

Орусиядан “Челленжер” (Challenger) аттуу бизнес класстагы жеке менчик учак алдыртып, парламент төрагасы А.Келдибеков менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Ж.Бакчиев экөө Астрахан шаарына бир күнгө барышты деген маалымат териштириле баштады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Жаныбек Бакчиев Орусиядан жеке менчик учак алдыртып, белгисиз бир жакка барып келишти деген маалыматты "Ата Мекен" фракциясы сүрүштүрө баштады.

Депутаттардын айтымында, мамлекеттин биринчи жетекчилери жеке менчик учактар менен жашыруун түрдө, белгисиз тараптарга кете бербөөсү керек. Аталган чиновниктердин маалымат кызматы болор-болбос нерсе үчүн чоң жетекчилер комментарий бербесин, алардын дем алуу күндөрүндөгү иштери жеке жашоосуна кирерин жана айтылбасын билдиришүүдө.

Ахматбек Келдибеков
“Ата Мекен” фракциясы тиешелүү мамлекеттик органдарга ырасмий түрдө кайрылып, өлкөнүн негизги жетекчилеринин бири кимдин акчасына, кандай максатта, кай жакка барып келгенин териштирмекчи болууда.

Депутаттардын айтымында, өлкөнүн эң биринчи жетекчилери белгисиз менчик учактарга түшүп, белгисиз бир жактарга жашыруун барбашы керек.

“Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, жогорудагы жетекчилердин кай жактарга барганы тууралуу маалыматы бар экенин, депутаттар кагаз жүзүндө тиешелүү органдарга кайрылышарын билдирди:

- Мен ал маселе боюнча азыр комментарий бере албайм. Биздин депутаттар кагаз жүзүндө кайрылып, сурап алышат. Ошондон кийин болот. Азыр тиешелүү органдарга кайрылганы жатабыз. Өткөндө өкмөттүн өкүлү Данияр Ильичке (Нарынбаев) ооз жүзүндө тапшырма бергенбиз. Мына турат, сурап алгыла...

Данияр Нарынбаев: - Биз эми ал тапшырманы кагаз түрүндө күтүп атабыз сиздерден...

Өмүрбек Текебаев
“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Өмүрбек Абдрахмановдун айтымында, өлкөдөгү экинчи адам болгон А.Келдибековдун ишмердүүлүгү толук эле териштирүүнү талап кылууда. Анткени буга чейин А.Келдибековго байланыштуу Ысык-Көлдөгү “Каприз” эс алуу борборунда криминалдык лидер Камчы Көлбаев менен бир күндө болгону тууралуу маалымат таркаган.

Бирок Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, А.Келдибеков менен К.Көлбаев “Капризде” жолуккан деген маалымат тастыкталбаганын билдирген.

Ө.Абдрахмановдун пикиринде, төраганын кайсы бир менчик учак менен кай бир жактарга жашыруун барып атканы шек туудурууда:

- Эгер биринчи жетекчилер ырасмий эс алуу учурунда дагы бирөөнүн эсебинен учса, анда ал коррупция деп эсептелинет. Ал эми башка жактан, Москвадан учак чакырса, ошолордун акчасы менен учуп, ойноп жүрсө, бул деген коррупциянын эң башы ушул болуп эсептелинет. Мына аэропорттогулар айтып атат, “Челленжер” деген учак деп. Ошондуктан биз бул маселени иликтейбиз. Элге аныгын, ачыгын жеткиребиз.

Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун маалымат катчысы Асел Алиеванын айтымында, төрага кандай иш кылса да мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасап жүрөт. Ал эми анын кайда барганы, эмне кылганы адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү болуп саналат:

"Челленжер" учагы
- Биз мындай пикирдебиз: дал ушул окуя боюнча айтсак, Өмүрбек Чиркешович өзү ар дайым эле жеке адамдын жашоосуна кийлигишпөө керек деп кыйкырып келатат. Бирок ошого карабастан азыр ал такталбаган ушактарды, такталбаган маалыматтарды кызыктуу маалымат катары бергиси келип атат...

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Анара Мамытова аркылуу Ж.Бакчиевге да кат жүзүндө суроолорубузду жолдодук. А.Мамытова жетекчисине жолукканын, бирок Ж.Бакчиев суроолорго өзү жооп бербей турганын “Азаттыкка” билдирди.

Төраганын маалымат катчысы сыяктуу эле ал да Ж.Бакчиев жума соңундагы жеке жашоосу, кайда барганы, эмне кылганы боюнча жетекчиликтен башка эч кимге маалымат берүүгө милдеттүү эместигин, бул мекеменин расмий туруму экенин билдирди. “Бул анын жеке жашоосу, ага кийлигишүү туура эмес”,- дейт ал.

Борбор Азиядагы эркин базар институтунун адиси Азиз Исанын ырасташынча, чоң чиновниктердин, өзгөчө мамлекеттин биринчи башкаруучуларынын баскан-тургандары баары ачык болушу керек. Азыр болсо айрым чиновниктер авторитардык замандагыдай эле каалаган иштерди жасап, жаңы башкаруу системасы келгенин унутуп калышууда:

- Ошол деңгээлдеги адамдарда жеке жашоо деген чектелүү болот. Конкреттүү окуяда буларда жеке жашоосу болбош керек. Алар ошону өздөрү сезиш керек. Анткени Келдибеков өлкөдөгү эң биринчи адамдардан. Алар саясатка барганда, жеке жашоо жок болорун билиш керек.

Ошондуктан “бул менин жеке жашоом” деп айтпаш керек. Алардын жашоосу ачык-айкын болушу керек. Ар бир адам билиш керек, ал эмне кылып атат, кандай бизнеси бар, кайда эс алганы баратат. Баарын ачык-айкын болушу керек.


Өкмөттүн, “Манас” аба майданынын өкүлдөрү азырынча бул маселе тактоону талап кыларын, башка маалымат бере алышпасын билдиришүүдө. Депутаттар болсо бул маселени акыр-аягына чейин териштиришерин, кандай болгон күндө да ири жетекчинин баскан-турганы, ким менен жолукканы, кайсы акчага, кимдин учагына отурганы ачык болушу керектигин белгилешет.

Эл аралык тажрыйбада “коомдук маанилүү фигура” деген түшүнүк бар. Ал түшүнүк боюнча чоң чиновниктер жеке жашоосу чектелгенин түшүнүүлөрү керек. Анткени алардын ишмердүүлүгүнөн өлкө тагдыры көз каранды. Ошол себептүү А.Келдибеков менен Ж.Бакчиевдин сапары тууралуу суроолорго, “бул алардын жеке жашоосу” деген сыяктуу жооптордун берилиши ого бетер шектенүүнү күчөтчүдөй.

XS
SM
MD
LG