Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Өзгөчө учурларда депутаттарга курал берилиши мүмкүн


1-апрелде эки депутат мушташа кеткенде УКМК парламентти курчап, бул жердеги автоунаалардан бир автомат, он тапанча тапкан.
1-апрелде эки депутат мушташа кеткенде УКМК парламентти курчап, бул жердеги автоунаалардан бир автомат, он тапанча тапкан.

Парламентте депутаттарга өзгөчө учурларда курал алып жүрүүгө уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоору талкууга салынганы турат.

Мыйзам кабыл алынса, анда курал депутаттын өмүрүнө коркунуч туулган учурларда берилет. Коом ичинде бул кабар ачакей пикирлерди жаратууда. Өткөндө эки депутат мушташкан кезде атайын кызматтар парламентке кирип-чыккан автомашиналарды тинткен болучу.

Сунуш төрагадан түштү

Куралга байланышкан мыйзам долбоорун парламент спикери Акматбек Келдибеков өзү сунуш кылууда.

Жогорку Кеңештин регламенти жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комитеттин төрага орун басары Эгемберди Эрматов мыйзам долбоорго ылайык курал берүүнү төрага чечерин “Азаттыкка” кеп салып берди:

- Депутаттын өмүрүнө коркунуч келип кала турган болсо, ал эгер арыз менен төрагага кайрыла турган болсо, төрага уруксат берет деген жобо бар. Курал убактылуу, өзгөчө учурда гана берилет. Анан курал алып жүргөнгө баардыгына эле уруксат берилбейт. Азыр эми кырдаал ошондой да. Кокустан уюшкан кылмыштуу топтор коркутуп-үркүтө турган болсо ушундай учурда гана берилет деп жатат. Эми аны комитетте талкуулап көрөбүз го.

Парламенттеги оппозициячыл “Ата Мекен” фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев депутаттарга курал берүүгө түпкүлүгүндө каршы экенин, бирок эл өкүлдөрүнүн жеке коопсуздугуна коркунуч туулуп жаткандыктан ушул кадамга барып жатышканын билдирди:

- Чоң аткаминерлерге курал-жарак берүү СССР убагынан калган. Биз мындан арылышыбыз керек. Депутаттын жана саясатчынын бирден бир куралы болуп бул өзүнүн аң-сезими жана айткан сөзү болушу керек. Бирок ошол эле кезде унутпашыбыз керек, биздин жакынкы эле саясий тарыхыбызда терс окуялар болгон. Киши колдуу болгон депутаттар бар. Азыр жакшыбы, жаманбы, тилекке каршы айрым депутаттарды өмүрүнө коркунуч бар, аны баарыбыз эле билебиз, ошондуктан ушул маселе көтөрүлүп жатса керек.

Опуртал кадамбы?

Депутаттарга курал берүү маселеси айрым саясатчылардын катуу каршылыгын жаратты. Мисалы, парламенттин мурунку төрагасы Мукар Чолпонбаев бул кадам опурталдуу деп эсептейт:

- Биринчиден, түз жүргөн депутаттын өмүрүнө эч кимден эч качан коркунуч келбейт. Мен депутаттарга курал бергенге каршымын. Эгерде парламенттин ичинде бири-биринин денесине зыян келгидей кылып мушташып аткан депутаттардын колуна курал берсе алар жөн адамдарга кандай мамиле кылаарын ким билсин? Биздин убакта депутаттарга курал берүү жөнүндө маселе эч көтөрүлгөн эмес.

Жогорку Кеңеште жакында эле куралга байланышкан окуя болгон. 1-апрелде “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев менен “Республиканын” депутаты Алтынбек Сулайманов мушташа кеткен. Ошол замат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери парламентти курчап, кирген-чыккандарды текшеришкен. Аталган комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев бул депутаттардын жансакчылары жанындагы куралын колдонуп жибериши мүмкүн эле деп айткан эле. Ошол күнү Жогорку Кеңешке кирген чыккандарды тинткен учурда бир катар мыйзамсыз курал-жарактар алынган:

- Жогорку Кеңештин аймагына кирген машиналарды текшерип жатып биз бир автомат жана он тапанча алдык. Андан сырткары “Ар-намыс” фракциясынын төрагасы Феликс Куловдун унаасында бир автомат жана бир тапанча бар эле. Бирок Кулов куралдарын текшергенге караманча-каршы туруп алды. Ошол учурдагы курч кырдаалды эске алып мен кызматкерлериме анын унаасын коё берүүгө буюрдум. Кулов юрист, мыйзамды сыйлаган адам катары куралдарынын документтеринин баары эле туура эле болуш керек деп үмүттөнөм.

Бул окуядан кийин Жогорку Кеңеште курал-жарак алып жүрүүнү тартипке салуу маселеси көтөрүлгөн. Парламент спикери эл өкүлдөрүнүн куралдуу жан сакчыларын Жогорку Кеңештин жыйындар залына киришине тыюу салган болчу.

Кыргыз парламентинде 2006-жылы да депутаттарга курал алып жүрүүгө уруксат берилген. Буга ошол кездеги депутаттардын айрымдарынын киши колдуу мерт болушу себеп болгон.

XS
SM
MD
LG