Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Клинтон Асад өзгөрүүлөрдү токтото албайт деп эсептейт


АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Сириянын президенти Башар ал-Асадды "зордукчул аракеттерин токтотууга" чакырды. Бириккен Улуттар уюму да Сирия бийликтеринен "өз элине каршы" чабуулун токтотууну талап кылды. Клинтон кечээ Ливия боюнча Абу-Дабидеги жыйында сүйлөп, Асад Сириянын эли эңсеген өзгөрүүнү болтурбай койо албайт деди:

– Биз эл аралык коомчулуктагы шериктер менен кан төгүүнү токтотуп, саясий жана экономикалык реформаларды колдоонун үстүнөн иштеп жатабыз. Президент Ассад өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө бут тосушу мүмкүн, бирок ал өзгөрүүлөрдү кайра артка кайтара албайт.

XS
SM
MD
LG