Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Жогорку Кеңеш "Мунапыс тууралуу" мыйзамды жактырды


Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында “Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды. Ага ылайык, прокурордун санкциясы жана тиешелүү мекеменин башчысынын токтому менен Кыргызстандын абактарындагы олуттуу коркунуч келтирбеген жана өтө оор эмес кылмыштарды жасаган, түрмөдө тартип сактаган жарандар бошотулат.

Мындан тышкары бул мыйзам менен курагы 55 жаштан өйдө болгон аялдар, 60 жаштан өйдө курактагы эркектер, I жана II топтогу майыптар, кош бойлуу аялдар, кылмыш жасап, келтирилген материалдык зыяндын ордун толтургандар эркиндикке чыгышат. Ошол эле убакта өмүр бою эркинен ажыратылгандарга, мурда мунапыстан пайдаланып кайрадан кылмыш жасаган адамдарга, жаза өтөө тартибин бузгандарга мунапыс берилбейт.

Кыргызстанда жалпысынан 17 миңге жакын соттолуучу бар болсо, мунапыс 1500дөн 3 миңге чейинки соттолуучуга берилээри болжолдонуп жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG