Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Тоолуу Карабак чатагы Москвада талкууланууда


Москвада Армения жана Азербайжандын тышкы иштер министрлери кездешүүдө. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун арачылыгы менен өтүп жаткан сүйлөшүүдө 1990-жылдардан бери жөндөлбөй келаткан Тоолуу Карабак маселеси талкууланууда.
Азербайжан президенти Илхам Алиев өзүн күнкорсуз деп жарыялаган Тоолуу Карабакты Бакынын амирине кайтаруу үчүн согушка даяр экенин билдирген.

Апрель айында Өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдүн "Чоң сегиз" тобу тараптарды чатакты тез жөндөөгө чакырган. Батыш 2007-жылкы долбоорго ылайык Армения аскерлерин Тоолуу Карабактан акырындап чыгарып кетүүсүн, регионго утурумдук статус берип, Азербайжандын курамында калуусун жактайт.

XS
SM
MD
LG