Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

АКШ кыргызстандыктарга виза берүүнү жеңилдетет


АКШ кыргызстандыктарга виза алуу режимин жеңилдетүү ниетин билдирди. Бул тууралуу Вашингтондо ар жылы өтүп туруучу консультациялык жыйындын биринчи отурумунда белгилүү болду. Ага ылайык, эки тарап тең туристтик, студенттик, кызматтык жана дипломатиялык визаларды берүүнүн жол жобосун дагы оңойлотуу келишимине келишти.
Мындан тышкары америкалык тарап АКШ администрациясы Кыргызстандагы демократияга жана экономикалык реформаларга ар тараптан жардам берүүгө, ошондой эле эл аралык терроризм, маңзат жана курал контрабандасы, мамлекеттик чек араларды бекемдөө жаатында биргелешип кызматташууга ынтызар экенин билдирди. (МТо)

XS
SM
MD
LG