Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Сириянын армиясы Идлибде аскерий операциясын улантууда


Активисттердин айтымында, Сирия армиясынын танктары бүгүн аталган провинциянын президент Башар ал-Ассаддын режимине каршы ири демонстрациялар өтүп жаткан Маарат ал-Нааман шаарчасынын чет жакасына келишти. Мунун алдында армия жергиликтүү эл толкуган Жиср эш-Шугур шаарчасына дем алыш күндөрү көзөмөл орноткон эле. Сирия армиясы өлкөнүн түндүгүндө Идлиб провинциясындагы аскерий операциясын коопсуздук күчтөрүнүн 120дай өкүлү бийликтер “куралдуу топ” деп атаган адамдар тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин баштаган. Бирок Сирия оппозициясы коопсуздук күчтөрүнүн ал 120 өкүлү кызмат кылуудан баш тарткандан кийин армиядагы жоокерлер тарабынан эле жок кылынган деп билдирүүдө.

Бул аралыкта БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Аргентинада жүргөн жеринен Сириянын өкмөтү өз элине каршы жасаган аракеттерин “үрөй учурарлык” деп атады:

- Сириядагы кырдаал абдан кооптуу. Уруш бир аянттын, кыштактын, шаарчанын чегинен чыгып кетти. Ал бүткүл өлкө боюнча жайылды. Адамдар өзгөрүүгө чакырган добушун билдирүүдө. Өкмөт болсо үрөй учурган сокку менен жооп берди.

Түркиянын "Анадолу" жаңылыктар агенттигинин маалыматына караганда, Сириядагы кыянатчылыктардан улам 7000дей киши Түркияга качып келген.

XS
SM
MD
LG