Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

Алагушев: Депутаттар аша чаап жатышат


Медиа өкүл Акмат Алагушев "Шайлоо тууралуу" мыйзам долбоордогу чет өлкөлүк маалымат каражаттарын чектеген жоболор тууралуу маек курду.

“Азаттык”: "Шайлоо тууралуу" жаңы мыйзам долбоорго ылайык шайлоо маалында чет өлкөлүк маалымат каражаттардын берүүлөрүн оболу жаздырып алып, анан гана көрсөтүлүшү керек деген жобо бар экен. Муну маалымат коопсуздугу үчүн маанилүү деп жатышат. Бул дайыма сөз эркиндигин коргоп келген депутаттардын, тактап айтканда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев демилгеси болууда. Айрымдар муну сөз эркиндигин чектөө деп айтып жатышат. Чынында эле бул цензурага жатабы?

Акмат Алагушев: Бул цензурага жатат деп айтсак болот. Шайлоо маалында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын берүүлөрүн жаздырып алып көрсөтүү эч кандай логикага жатпай жатат.

Мыйзамдагы бул жобо чет өлкөлүк ЖМКларды кандайдыр бир жоопкерчиликке тартуу аракети экенин биз түшүнүп жатабыз. Бирок бул мыйзам менен аша чабышты.

Алдын ала жазып алып көрсөтүү техникалык жактан аткарууга аябай оор. Бирок муну Шайлоо кодексине киргизишти. Такыр эле кереги жок, логикага жатпаган, цензурага жол берген берене болуп жатат.

Акмат Алагушев
“Азаттык”: Мыйзам президенттин кароосунда экен. Жакын арада кол коюлат деп жатышат. Кабыл алынып калса, бул мыйзам эмнеге алып келиши мүмкүн?

Акмат Алагушев: Шайлоо кодексиндеги дал ушул нормалар - чет өлкөлүк ЖМКлардын берүүлөрүн кайра көрсөткөндө алдын ала жаздырылып көрсөтүлсүн деген бул аткарылбай турган нормалар.

“Азаттык”: Маалымат коопсуздугун камсыздоо үчүн мындан башка чаралар керек эле деп айтып жатышат. Сиздер бул жаатта кандай сунуш бересиздер?

Акмат Алагушев: Шайлоо кодексинде чет өлкөлүк ЖМКлардын берүүлөрүн алып көрсөткөн биздин жергиликтүү ЖМКлар жоопкерчилиги тууралуу жазылган. Шайлоо убагында талапкерлердин кадыр-баркына шек келтирген, каралаган берүүлөрдү көрсөткөндө жоопко биздин ЖМКлар тартылсын деп көрсөтүлгөн.

Чынында азыркы “Телерадио берүү тууралуу” деген мыйзамда деле ошондой эле беренелер бар. Бир гана - алдын ала жаздырып алып анан көрсөтүүнү талап кылган берене такыр эле логикасыз, акылга сыйбаган жана мыйзамсыз болуп жатат. Анткени 90-жылдан бери келаткан “ММК тууралуу” мыйзам боюнча бизде цензурага тыюу салынган. “Алдын ала караш керек, анан кайсы бир жерин алыш керек” деп жатышат. Андай болбойт да.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG