Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:07

НАТО Ливияда кайрадан абадан сокку урду


НАТО Муамар Каддафи жана тарапкерлери жайгашып турат деп саналган аймакка сокку урду. Түндө эки катуу жарылуу болгону кабарланды. Ливия өкмөтүнүн карамагындагы телеберүү аба соккусунан имараттар талкаланганын айтты.

Бул аралыкта НАТО Злитан аймагына кагалышты токтотууга чакырган баракчаларды учак аркылуу таратканы кабарланды. Канада Ливиянын өткөөл кеңешин мыйзамдуу өкмөт деп тааный тургандыгын жарыялады. Буга чейин ушундай билдирүү менен Франция, Испания, Италия, Германия, Катар жана Бириккен Араб Эмираты чыккан.

XS
SM
MD
LG