Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Бакиев командасы: Азырынча бирөө гана кармалды


Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев
Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев

Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин жакын санаалаштарынын бири делген Сергей Костюк Москвада кармалды.

Баш прокуратура Костюкту экстрадиция кылуу тууралуу өтүнүчү менен орус тарапка кайрылуу жолдогону турат. Бирок буга чейин былтыркы 7-апрелдеги окуялардан кийин өлкөдөн качып кеткен мурунку бийлик сересинде отургандардын бирөө да экстрадициялана элек.

Максим Бакиевдин жакын шакирттеринин бири, 45 жаштагы Сергей Костюк ушул жылдын 8-июнунда Москвада кармалып, ал жерден сыртка чыкпоо кепилдиги алынган соң бошотулган.

ИИМдин басма сөз кызматкери Бакыт Сейитов Костюкка коюлуп жаткан айыптар тууралуу “Азаттыкка” буларды билдирди:
Экстрадиция үчүн ал адамдардын күнөөсүн мыйзам жолунда далилдеш керек. Күч органдары, прокуратура, соттор эл аралык мыйзам принциптери менен иштегенди билбейт. Н.Токтакунов


- Костюк “АзияУниверсалБанкында” риск-менеджмент деген бөлүмдүн жетекчиси болуп иштеген. Мындан тышкары ушул банктын активдерин башкаруу комиссиясынын мүчөсү болгон. “Сергей Костюк тарабынан мамлекетке 20 миллион сомдон ашык чыгым келтирилген” деген тергөөнүн көрсөтмөлөрү бар.

Бейрасмий маалыматтар боюнча, Сергей Костюк мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин жеке финансисти болгон, мурунку өлкө башчынын үй-бүлөсүнүн капчыгына коррупциялык жолдор менен түшкөн каражаттарды өзү иштеген "АзияУниверсалБанк" аркылуу адалдап турган.

Анткен менен Костюк Орусиянын ММКлары аркылуу өзү тууралуу маалыматтарды четке кагып, Бакиевдерге андай деле жакын эмес экенин айтууда.

Качкандардын тизмеси узун

Ал арада Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Орусиянын Башкы прокуратурасына Костюкту экстрадициялоо боюнча документтерди камдап жаткандыгын жарыялады.

Башкы прокуратуранын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Тилек Мурзакулов Костюкка байланыштуу кылмыш иштеринин материалдары Башкы прокуратуранын кылмыш иштерин тергөө башкармалыгын өндүрүшүндө экенин “Азаттыкка” тастыктады.

- Костюк боюнча биз тийиштүү чараларды баштадык. Орусиянын Баш прокуратурасына жакын арада экстрадиция жөнүндө кат жөнөтөбүз. Бирок бул киши жашаган жеринен, Москвадан эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен жүрөт.

Ак үйдүн алдында окко учкандарды эскерүү, 12-апрель, 2010-жыл
Костюкка 2011-жылдын февраль айынан тарта ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгы тарабынан алдамчылык айыбы коюлуп, издөө салынган.

Апрель окуясынан кийин мурунку бийлик өкүлдөрүнө жакын санаалаш ондогон адамдар өлкөдөн чыгып кетти.

Маалыматтар боюнча, экс-президент Курманбек Бакиев Беларуста, анын уулу Максим Бакиев Лондондо, иниси Жаныш Бакиев, дагы бир уулу Марат Бакиев жана мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов менен Коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов жакын тегеректе эле жүргөн имиш.

Бир жылдан ашыгыраак сыртта жүргөн бул адамдарды Кыргызстанга алып келүү аракеттеринен алигиче майнап чыга элек.

Эрк жетишсизби?

“Прецедент” шериктештик тобунун башчысы, адвокат Нурбек Токтакунов бул адамдарды алып келүүгө Кыргызстандын күч органдарынын дарамети жетпей жатат деп эсептейт:

- Экстрадиция үчүн ал адамдардын күнөөсүн мыйзам жолунда далилдеш керек. Бирок биздин күч органдары, прокуратура, соттор эл аралык мыйзам принциптери менен иштегенди билбейт. Ошол принциптерди сактап ишти караш керек, тергеш керек. Тилекке каршы биздин күч органдарыбыз антип иштей албай атат.

Байтемир Ибраев
Анткен менен мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев Кыргызстан күч органдары экстрадиция боюнча эл аралык укуктук келишим, тактап айтканда, Минск жана Кишинев конвенциялары алкагында иш алып барып жаткандыгын айтып, Беларус бул жаатта өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай жатат дейт:

- Ушул эки конвенцияга катышы бар мамлекеттер менен гана экстрадиция тууралуу келишимдерибиз бар. Ал эми Түркия, Америка, Европа өлкөлөрү, ошол эле Британия менен бул туурасында келишимибиз жок. Биз бул мамлекеттерге жөн гана “үнүбүздү угушаар бекен” деп эле кайрылып жатабыз.

Буга чейин 7-апрелде Ак үй алдында жакындарын жоготкон адамдардан турган “Мекен шейиттери” кыймылы Бакиевди жана анын жакын санаалаштарын кайтарууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен ШКУ жана ЖККУга мүчө өлкөлөргө кайрылуу жолдогон.

XS
SM
MD
LG