Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:35

Ливия адам чыгымдары үчүн кайрадан НАТОну айыптады


Ливиянын расмий адамдары НАТОнун аба соккусунан карапайым 15 киши, анын ичинде 3 бала өлгөнүн ырастоодо. Альянс анын учактары Сорман деген жерге сокку урушканын моюнга алып, бирок бутага аскерий объект алынганын билдирди. Кабарчыларга шаардын четинде Каддафинин жакын шериктеринин бирине таандык адамдын талкаланган турак-жайын, ооруканадагы сөөктөрдү көрсөтүштү. АФП агенттигинин кабарчысы 9 кишинин сөөгүн көргөнүн айтты. Кечээ эле НАТО техникалык себептерден улам, Триполинин жака белинде жайкын тургундар арасында жоготуулардын ыктымалдыгын моюнга алган. Анда Ливия өкмөтү 9 киши набыт кеткенин айткан.

 

XS
SM
MD
LG