Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

Асад туткундардын айыбын кечирүү буйругун чыгарды


Сириянын президенти Башар Асад туткундардын айыбын кечирүү тууралуу буйрук чыгарды. Ага ылайык, 2011-жылдын 20-июнуна чейин жасалган кылмыштар үчүн жоопко тартылгандарга мунапыс берилмекчи. 31-майда президент өкмөткө каршы чыгуулар маалында кармалган саясий туткундарга мунапыс жарыялаган.

Апта башында Асад реформаларды жүргүзүү, Конституциянын жаңы вариантын жакын арада сунуш кылууга убада берген. Расмий САНА агенттиги президентти колдогон демонстрациялар Сириянын бир катар шаарларында өткөнүн маалымдады. Активисттердин айтымында, режимдин тарапкерлери менен каршылаштары Хомс, Хама жана Деир эл Зур шаарларында кагылыша кетип, кеминде 7 киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG