Бүгүн (22-июнда) "Достук" мейманканасында “Тамеки же ден соолук” аттуу улуттук форум өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” форумду уюштуруучулардын бири, “Тамекиге каршы күрөшүү” альянсынын мүчөсү Талант Сооронбаев билдирди.
Иш-чарага вице-премьер-министр баштаган өкмөттүн, министрликтердин мүчөлөрү жана тийиштүү адистер катышаары күтүлүүдө.
“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда миллионго чукул адам тамеки тартат. Алардын арасында көбү эркектер, бирок тамеки чеккен аялдардын да саны кескин көбөйүп баратат. Мисалы, акыркы он жылда тамеки тарткан аялдар 25-30 эсеге өстү. Буга каршы аракет көрбөсө, бул генефондго кайрылгыс зыянын тийгизет”, - дейт Сооронбаев.
Анын айтымында, өлкөдө тамеки өндүрүүдөн түшкөн пайда, тамеки чегүүдөн тарткан зыяндан 5 эсеге аз экени далилденген.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун болжолу боюнча, ушул учурдан 2030-жылга чейинки аралыкта тамеки дүйнө жүзү боюнча 175 млн. адамдын өмүрүн алып кетиши ыктымал. (МTo)