Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Сузакта мектепте эки граната табылды


Жалал-Абаддын Сузак районундагы Барпы айылдык округуна караштуу Чөкө-Дөбө айылындагы Хамза атындагы орто мектепте кечээ кечке жуук эки граната табылды. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Станбек Бакиров гранатаны мектепти оңдоп жаткан усталар таап алып милицияга кабарлаганын “Азаттыкка” билдирди. Бул окуя боюнча азыр иликтеп-тергөө иштери башталып, баллистикалык экспертиза жүргүзүлгөнү жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG