Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

Кыргыз-өзбек чек ара соода алакаларын жакшыртуу боюнча талкуу өттү


Бишкектеги ЕККУ кеңсесинин демилгеси менен бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара соода алакаларын жакшыртуу боюнча талкуу уюштурулду. Ага мамлекеттик кызмат, айыл өкмөт, бизнес жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышты.

“Соода-сатык тоскоолдуктарын жоюу - Борбор Азия элдеринин чек ара кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүдөгү маанилүү фактор болуп эсептелет”, - деди ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрю Тесорьер.

Талкууда мыйзам чегинде ачык соода-сатык жүргүзүү - экономикага, саясатка жана маданиятка салым кошуп, аймактагы элдин ич ара ишенимин күчөтөөрү айтылды. (EK)

XS
SM
MD
LG