Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

БШК мүчөлүгүнө талапкерлерин эки фракция сунуштады


Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдуулук жана жергиликтүү башкаруу боюнча комитеттин жетекчиси, депутат Галина Скрипкина билдирди. Анын айтымында, президенттин аппараты БШК мүчөлүгүнө талапкерлерин сунуштай элек. Бул себептен аталган комитет Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын бекитүү боюнча толук кандуу иш алып бара элек.

"Шайлоо тууралуу" жаңы мыйзамга ылайык БШК 12 адамдан турат. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү президент жана парламент көрсөткөн адамдардан турат.

Өткөн аптада өлкө башчысы Роза Отунбаева жаңы мыйзамга макул эместигин билдирип, макулдашылган мыйзам долбоору даярдалган. Долбоор азыр ЖК комитет жана фракцияларында талкууланууда. Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш БШК мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгүн аныктоо укугуна ээ. (EK)

XS
SM
MD
LG