Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

БШК тууралуу мыйзам кабыл алынды


“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тууралуу" Жогорку Кеңеш менен президент мунасага келген мыйзам долбоору бүгүн парламентте 100 добуш менен жактырылды.

Конституциялык мыйзамдуулук жана жергиликтүү башкаруу комитетинин төрайымы Галина Скрипкина президент тараптан мыйзамдын мурунку вариантында сегиз кемчилик белгиленгенин айтты.

Учурда Жогорку Кеңеште Боршайком мүчөлөрүн шайлоо жүрүүдө. Парламент БШК курамынын үчтөн бирин көрсөтүү укугуна ээ. Фракциялар бүгүн БШК курамына 8 талапкерди сунуштады. Алар: Гүлнара Журабаева, Канатбек Абдыкадыров, Туйгунаалы Абдраимов, Абдыжапар Баялинов, Рашид Бекбасаров, Айнура Шайымкулова, Нурмамат Ашымов жана Ишенбай Кадырбеков. (EK)

XS
SM
MD
LG