Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Президент "БШК жөнүндөгү" мыйзамга кол койо элек


Бул туралуу 27-июндун кечинде президенттин маалымат кызматы билдирүү таратты. Бул “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тууралуу" мыйзамдын али президенттин кароосуна келе электиги менен түшүндүрүлдү. Ошол эле кезде ал мыйзамга жумуш сапары менен Астанада жүргөндүгүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун да кол койо электиги айтылган.

12-майда Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга президент вето коюп, бир айдан соң артка кайтарган. Ошондон кийин 24-июнда парламент бир топ талаш-тартыштардан кийин “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тууралуу" Жогорку Кеңеш менен президент мунасага келген мыйзам долбоору 100 добуш менен жактырылган болчу.

XS
SM
MD
LG