Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Токмоктуктар шаарда жаңжал чыгышы ыктымалдыгын төгүндөштү


Бүгүн Токмок шаарындагы диаспора өкүлдөрү, коомдук бирикмелердин мүчөлөрү Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, аталган шаарда улут аралык жаңжал чыгышы ыктымал деген божомолду четке кагышты. Токмокто эч качан улуттар аралык чыңалуу болбогонун, азыр кырдаал тынч экенин, чагымчылыкка каршы күч структуралары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иш алып барып, эл арасында түшүндүрүү, ынтымакка чакырган иш-чаралар өткөрүлүп жатканын айтышты.

Мындан бир нече күн мурун Токмокко жаңы мэрдин дайындалганына каршы топтун өкүлдөрү мэр Медет Керимкулов кайра иштен алынбаса нааразылык улут аралык жаңжалга айланышы ыктымалдыгын эскертишкен болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG