Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

Талиптер Кабылдагы эң мыкты мейманканага кол салды


Кабылдын "Интерконтиненталь" мейманканасы.
Кабылдын "Интерконтиненталь" мейманканасы.

Кабылдагы “Интерконтиненталь” мейманкасына жасалган чабуулдан 12 киши курман болду. Чабуул үчүн жоопкерчиликти талиптер өзүнө алды. Президент Карзай бейкүнөө он адамдын канын төккөн чабуулду “айоосуз террордук акт” деп баалады.

“Интерконтиненталь” Кабылдагы өтө белгилүү жайлардын бири. Мартабалуу чет элдик коноктор көп токточу, маанилүү жыйындар жана бай адамдар үйлөнүү тоюн өткөрчү мейманкана бекем күзөтүлүп, келген коноктор бир нече жолу текшерүүдөн өтүшөт.
Ооган аскер "Intercontinental" мейманканасындагы талип согушчандарын бутага алууда. Кабыл. 29-июнь 2011

Мыкты куралданган тогуз согушчан ордо калаанын батыш бөлүгүндөгү дөңсөөдө жайгашкан мейманканага караңгы түшкөндөн кийин кол салышкан. Белине бомба байлап алган айрым жанкечтилер мейманкананын ичине киргенде өздөрүн жардырып жиберишкен. Күбөлөрдүн айтышынча, согушчандар талип ырларын магнитофондон жаңырта коюп алышып, бет келген адамга ок жаадырышкан. Кээ бир адамдар жан сактоо үчүн экинчи-үчүнчү кабаттан секиришкен.

Ахмад деген жергиликтүү тургундун Ройтерс агенттигине айтышынча, чабуул куптан намаздан кийин башталган: “Мен намаздан кийин чыгып баратсам, “Интерконтиненталь” күйүп жатыптыр. Ооганстандын душмандары шаарыбыздагы бирден бир мейманкананы өрттөштү. Мейманканада ок аткандар оогандар эмес.”

Талиптердин өкүлү Забиулла Мужахид эл аралык маалымат агенттиктерине чабуулду алар уюштурганын билдирди.

Бүгүн “Интернконтиненталда” 2014-жылы Ооганстандан эл аралык күчтөр чыгып кеткенден кийин коопсуздукту камсыздоого арналган жыйын ачылмак. Ошон үчүн чабуул мейманканада конгон губернаторго каршы багытталды деген божомолдор айтылууда.

Чабуулду мейманканага чукул жерде жашаган Хамид деген адам мындай сүрөттөдү: “Мейманкананын ичинде катуу жардыруу саат 22:30да
Өрттөн күйүп, түтүндөн тумчугуп жаткан "Интерконтиненталь" мейманканасы. 29-июнь 2011.
болду. Жанкечтинин чабуулу го деп ойлодум. Андан соң октун үнүн жана жардырууларды угуп, коркуп жаттык. Уруш таңкы 6:30га чейин уланды.”

Бир нече саат бою уланган уруш жардамга чакырылган НАТОнун тикучары мейманкананын төбөсүндөгү үч согушчанды жок кылгандан кийин токтоду. Бардыгы тогуз согушчан өлтүрүлгөн.
Ооганстандын ички иштер министринин билдиришинче, кымбат баа мейманканага жасалган чабуулда тогуз ооган, эки полициячы жана бир испаниялык курман болгон. 13 киши жана беш полициячы жараат алган.

“Тергөө башталды жана уланууда,- деп билдирди Ички иштер министрлигинин өкүлү Сыдык Сыдыки “Азаттыкка”.- Террорчулардын маанилүү жайларга чабуул жасары шексиз. Алар мартабалуу бийлик өкүлдөрүн жана чет элдиктерге кол салууну каалайт.

Буга чейин да талип желдеттери мейманканалар менен чоң дүкөндөргө кол салып жаткан. 2008-жылы январда талиптер Кабылдын “Серена” конок үйүнө кирип барып, сегиз адамды, анын ичинде үч чет элдикти атып кетишкен.

Ооганстандын башка аймактарына салыштырганда тынч эсептелген Кабылдагы белгилүү мейманканага жасалган чабуул талиптердин дале кубаттуу экенинен кабар берет. Чабуулдун НАТО башындагы күчтөр Ооганстандан чыгарыла баштаган тушта жасалганы да талиптер үчүн да символикалуу.

XS
SM
MD
LG