Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Талиптер Усама бин Ладендин өлүмү үчүн өч алууда


Кол салуудан кыйраган учак. Карачи, 23-май.
Кол салуудан кыйраган учак. Карачи, 23-май.

Согушчандар Карачидеги ири аскер-деңиз флотуна кол салды. 23-майда Пакистандын коопсуздук күчтөрү Карачидеги эң ири аскер базаларынын бирине чабуул койгон талип козголоңчуларын кууп чыгууга аракеттенди.

Пакистандын коопсуздук күчтөрүнө жасалган мындай чабуул “ал-Кайида” лидери Усама бин Ладен жок кылынгандан кийин экинчи жолу кайталанууда. Ушундан улам пакистандык аскерлер канчалык компетенттүү деген суроо келип чыгууда.

Пакистандык аскерлер бүгүн түнү жакшы куралданган талип козголоңчулары менен “Мехран” базасында беттешишти. Атышуулардын жана жардыруулардын үнү таңга маал да угулуп турду. Кагылышуу 12 саатка созулуп, аба базага 20дан ашуун согушчандар үч тараптан чабуул жасашкан. Кечке жуук Пакистандын бийлик өкүлдөрү кагылышуу аяктайын деп калганын билдиришти.

Пакистандын аскер-деңиз күчтөрүнүн расмий өкүлү Ирфан ул-Хак билдиргендей, кагылышууларда 11 деңиз офицери жана 1 жарым-жартылай мобилизацияланган аскер кызматкери каза болгон. 14 адам жараат алган.

Согушчандар эки күзөт учагын талкалашкан. Анын ичинде баасы миллиондогон долларлык АКШдан Пакистанга жаңы эле алынып келинген учак да жок кылынган. Ирфан ул-Хак барымтага алынгандар тууралуу маалыматты четке какты.

Пакистандагы талип согушчандар бул чабуулга жоопкерчиликти өз мойнуна алышып, бул кадам айдын башында жок кылынган “ал-Кайида” лидери Усама бин Ладендин өлүмү үчүн өч алуу экенин жарыялашты.

Пакистандын ички иштер министри Рехман Малик бул кагылышуу тууралуу сүйлөп жатып, “Мехрандагы” аскер-деңиз базасына кол салууну Пакистандын коопсуздук күчтөрүнүн эң чоң кемчилиги деп сыпаттады:

- Бул Пакистандын аскерлерине каршы террорчулук кадам талиптер менен “ал-Кайида” тарабынан алдын ала жарыяланган. Алар пакистандык аскерлерге багытталган чабуулдун биринчи баскычын ишке ашырышты. Ошондуктан Пакистан согуштук абалда деп айтып жатам.

Мындай ири чабуул Усама бин Ладен 2-майда жок кылынгандан кийин экинчи жолу кайталанууда. 13-майда эки жанкечти Пакистандын түндүк-батышында жайгашкан Чарсадда аймагында өздөрүн жардырышып, 80 адам мерт кетип, 100 адам жарадар болгон.

Бул эки чабуул Пакистандын коопсуздук кызматтарынын начар абалы тууралуу кептердин чыгышына себеп болду. Себеби эки окуя тең күтүлгөн жана коопсуздук кызматтары Усама бин Ладендин өлүмүнөн кийин күчөтүлгөн акыбалда иш жүргүзүшүүдө.

Аднан Асфар Карачинин тургуну, кечээ кагылышуу болгон базанын жанында жашайт.

- Ал жакта аябай коопсуздук күчөтүлгөн. Жөнөкөй жашоочу базанын аймагына кире албайт. Согушчандар кантип киришти? Бул деген коопсуздук кызматы жаман иштеди дегенди билдирет. Бул сөзсүз алардын жеңилиши.

Карачинин дагы бир тургуну Фаяз Муггал талиптердин базаны оңой эле ээлеп алышын көрүп, кооптонгонун билдирди:

- Аябай катуу, согуш талаасындагыдай атышуу болду. Биз балдарыбыз менен элек, каякка качышыбызды билбей калдык. Же полициядан, же кимдир бирөөдөн жардам ала алган жокпуз. Кийин “Мехранда” кагылышуу болгонун уктук.

Ушул окуялар менен катар талиптердин Ооганстандагы жана Пакистандагы расмий өкүлдөрү талиптердин лидери Мулла Мухаммад Омардын өлүмү тууралуу маалымат жалган деп айтып чыгышты.

Бүгүн Ооган телеканалы жана Associated France Press маалымат агенттиги Мулла Омардын Пакистанда өлтүрүлгөндүгү тууралуу кабарлашкан. Бирок ооган талиптеринин расмий өкүлү Забихулла Моджахед Мулла Омар азыр тирүү жана Ооганстанда деп жарыялады. Пакистан талиптерин расмий өкүлү Эхсанулла Эхсан болсо, Омардын “өмүрү коркунучта эмес жана өзү да коопсуз жайда” деп кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG