Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:46

Пакистандык талиптер жанкечтилердин кош жардыруусу аркылуу Усаманын өчүн алып жатканын билдиришти


Пакистандын Шабкадар шаарындагы жанкечти террорчулар жардырган жай. 2011-жылдын 13-майы. AFP.
Пакистандын Шабкадар шаарындагы жанкечти террорчулар жардырган жай. 2011-жылдын 13-майы. AFP.

13-майда Пакистандын түндүк-батышындагы Чарсадда районунда аскердик окуу жайдын жанында кош жардыруу болуп, анын айынан 80дей киши набыт кетти жана 100дөн ашуун киши жаракат алды. Эки жанкечти жүзөгө ашырган бул кол салуунун жоопкерчилигин пакистандык талиптер өзүнө алышты. Талиптер АКШ коопсуздук күчтөрү 1-майда мерт кылган Усама бин Ладен үчүн террордук чабуул жасап өч алып жатышканын маалымдашты.

Пакистандык талиптер Абботтабад шаарында 1-майдан 2-майга караган түнү америкалык атайын күчтөр “ал-Кайида” террорчул тармагынын башчысы Усама бин Ладенди өлтүргөндөн берки маалдагы өлкөдөгү эң ири террордук чабуулду жүзөгө ашырганын өздөрү тастыкташты.

Талиптердин басма сөз өкүлү Ахсанулла Ахсандын айтымында, бул чабуул АКШга гана каршы эмес, Усама бин Ладенди өлтүрүүгө америкалыктарга жолтоо кыла албаган Пакистандын бийлигине карата да жазалоо аракети болуп саналат.

13-майда Чарсадда районунун Шабкадар шаарында жайгашкан Чек ара аскердик күчтөрүнүн окуу жайынын эң ири машыгуу жайынын сыртында эки ири жардыруу болду.

Эки жанкечти ишке ашырган бул кош жардыруунун айынан мерт тапкандардын арасында чек арачы аскерлердин 69 жоокери жана 11 карапайым киши бар экени айтылууда.

Түндүк-Батыш Пакистанда кош жардыруу

x
Түндүк-Батыш Пакистанда кош жардыруу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:45 0:00
Түз линк
Маалыматка караганда, оболу бир жанкечти мотосикли менен котолоп турган жаш жоокерлерге келип урунуп, өзү да жарылып өлгөн.

Тажрыйбасы жок курсанттар жардыруу болгон жайга ого бетер көбүрөөк чогула калганда, экинчи бир жанкечти мотосикли менен келип, бул топту да мерчемге алган экен.

Бул машыгуу жайында 900дөй жоокер алты айлык алгачкы машыгуудан өтүп, жаңы бөлүнгөн жайларга жөнөп кетип жатышкан эле.

“Азаттыктын” Пакистан кызматы - “Машаал” үналгысы жума күнкү чабуулдан аман калгандардын бири – аскер унаасынын айдоочусун сөзгө тартты:

- Чек ара кошуундарына аскерге алынгандар имараттан чыгып жаткан. Биз унааларыбыз менен аларды алып кетели деп жаткан жерде эки жардыруу болду. Мен колуман жаракат алдым.

Ал эми жоокердик машыгууларга катышып жаткан Абдул Вахид Шах болсо “Рөйтерс” кабар агенттиги үчүн маек куруп, ичээр суусу бар экенине кубанып, өз бөлмөсүндө саал буйдала калып гана аман калганын айтты:

- Мен кесиптештерим дарбазанын жанына чогулуп жатканын көрүп, бөлмөмө кайттым. Бөлмөмө кире бергенимде эле жардыруу болду. Дароо сыртка чыгып, мерт тапкандар менен жарадар болгондорду алып чыга баштадык. Жарадарларды ооруканага жеткирип, алар үчүн кан тапшырдык.

Көптөгөн жарадарларга чукул жардам бергендердин бири – Жан Сайид мырза болду.

- Мен жардыруу болоор замат жетип келдим. Сөөктөрдү рикша болобу, айтор, колго тийген унаалардын баарына жүктөдүк. Жаракат алгандардын айрымдарын бул жерге алып келдик. Чарсадда районундагы бардык ооруканаларды жабырлангандарга толтурдук.

Бул чабуул ооган-пакистан чек арасына жакын аймактарда “ал-Кайиданы” колдогон талиптерге каршы күрөш жүргүзүп жаткан Пакистан Чек ара кошуундары үчүн намыска тийээр кол салуу болуп калды.

Дегиңкиси, бул кош жардыруу – өлкөдөгү соңку маалдагы эң ири террордук чабуул болуп саналат. Былтыр 9-июлда Мохманд жергесинде террордук чабуулдун айынан 105 киши набыт болгон.

Мохманд шаары да Шабдакар шаарына кыйла жакын келет.

Пакистандын түндүк-батышындагы бир катар уруулар башкарган аймактарда “ал-Кайиданы” жана талиптерди колдогондор арбын. Дал ушул уруулар чөлкөмүн расмий Вашингтон “ал-Кайиданын башкеңсесинин жайы” катары атап келет.

XS
SM
MD
LG