Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Барымтадагы эки француз журналисти үйүнө келишти


Бир жарым жыл мурда талибдердин туткунуна түшкөн эки француз журналисти Ооганстандан Францияга кайтып келишти. Шаршемби күнү бошотулган тележурналисттер Эрве Гескиер менен Стефан Тапонье бейшембинин таңында Париждин жанындагы аскерий аба майданына келип түштү.

"Мен өзүмдү абдан жакшы сезип жатам. Биз аягы жакшы болорун билгенбиз. Биз бул канчага созуларын билген эмеспиз, бирок туруштук берээрибизди билгенбиз. Чын эле азыр бизге жакшы болду" деди Парижде журналисттердин бири Тапонье.

Талибдер аларды 2009-жылы ноябрда Кабулга жакын аймакта ооган котормочусу Реза Дин менен чогуу кармашкан. Аларды кармоо жана бошотуу себептери тууралуу маалымат таратылган жок.

XS
SM
MD
LG