Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Шайлоо мөөнөтү аныкталды


Президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленди. Буга байланыштуу токтомду колдоп 107 депутат добуш берди.

Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга тарардын алдында акыркы жыйынына чогулуп, талаш-тартыштын чордонунда турган президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилөөгө байланыштуу мыйзам долбоорун карап, макулдашылган долбоорду кабыл алышты. Андан соң депутаттар президенттик шайлоо мөөнөтүн 30-октябрга бекиткен токтом кабыл алышты.

30-июнь күнү Жогорку Кеңеш күздө өтчү президенттик шайлоого байланыштуу болгон “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” деп аталган конституциялык мыйзамга карата президенттин каршы пикирин карап, талаш-тартыштардан соң комитеттин макулдашылган вариантын кабыл алышты:

- Макул 96, каршы 1, калыс 1, баары 98. Чечим кабыл алынды...

Президент "Шайлоо тууралуу" мыйзамга вето койгон соң, депутаттарда абалдан чыгуу үчүн үч жол калган. Биринчиси, президенттин каршы пикирине макул болуу, экинчиси, ветону 80 добуш менен ашып өтүү, үчүнчүсү, макулдашылган вариантты кабыл алуу. Талаштардан кийин макулдашылган вариант добушка салынып, өтүп кетти.

Андан соң депутаттар “Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо мөөнөтүн дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтом долбоорун” карап, президенттик шайлоонун мөөнөтүн 30-октябрга белгилешти:

- Комитеттин чечимин добушка коём, добуш бериңиздер, “30-октябрь президентти шайлоо күнү болсун деп... Макул 107, каршы 1, калыс жок. Чечим кабыл алынды.

Буга чейин президент, парламент депутаттары кабыл алган жогорудагы мыйзам менен “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумдарды өткөрүү тууралуу” деп аталган мыйзамга каршы болуп, вето койгон.

Бирок президент бүгүн эле шайлоо жана референдумдарды өткөрүү тууралуу мыйзамдын макулдашылган вариантына шашылыш кол коюп, анын ушул эле күнү күчүнө кириши үчүн “Эркин Тоо” гезитинин пландан тышкары атайын санын басып чыгарды.

Сариевдин талапкерлиги өтпөй калды

Андан тышкары депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясына президент сунуштаган төрт талапкерди шайлоо маселесин карашты.

Эреже боюнча БШКнын мүчөлүгүнө талапкерлердин төртөөнү президент, төртөөнү парламенттеги көпчүлүк, дагы төртөөнү парламенттеги оппозиция сунуштайт.

Буга чейин Жогорку Кеңеш өзүнүн 8 талапкерин шайлап алган. Ал эми бүгүн депутаттар президент сунуштаган төрт талапкердин ичинен Жаркын Бапанова менен Жеңишбек Акматовду өткөрүп, БШКнын азыркы төрагасы Акылбек Сариев менен Эрик Ирискулбековду кулатып коюшту.

XS
SM
MD
LG