Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Шайлоо мөөнөтү дале аныктала элек


Былтыркы референдумдун чечими боюнча Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл октябрдын башында өтүш керек эле.
Былтыркы референдумдун чечими боюнча Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл октябрдын башында өтүш керек эле.

Кыргызстанда президенттик шайлоону 20-ноябрда өткөрүү сунушталды. Бирок парламент ал боюнча чечим кабыл ала элек, мыйзамдар да даяр эмес.

2010-жыл 27-июндагы референдум аркылуу шайланган өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын ыйгарым-укуктары быйылкы жылдын 31-декабрынан тарта токтойт.

Мына ошол мезгилге карай президенттик шайлоону өткөрүү үчүн парламент май айынын аяк чендеринде “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо жөнүндөгү”, “Шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” мыйзамдарды кабыл алып, президентке кол коюуга жөнөткөн.

Бул мыйзамдарга президент тарабынан вето коюлуп, Жогорку Кеңешке кайтарылганын төрага Акматбек Келдибеков 16-июнда жарыя кылган
эле:

- Мага түшүнүксүз эмне себептен эки негизги мыйзамга: “Борбордук шайлоо комиссиясы” жана “Президентти жана депутаттарды шайлоо боюнча” мыйзамдарга вето коюлганы. Финансы каражаты жетпейт деп жазыптыр. Шайлоо быйыл боло турганын баары билишкен. Бюджетте каралат. Жетпегени кошумча табылат.

Президенттин маалымат кызматы мыйзамдарга вето коюлушуна шайлоого чыгымдалчу каражаттардын өкмөт менен макулдашылбаганы себеп болду деп билдирип чыкты.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев да мыйзамдарга вето коюлушун 23-июнда сынга алды:


- Биздин иш-планыбыз боюнча апрель айында “Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү, түзөтүүлөрдү киргизип, майда БШКнын жаны мүчөлөрү дайындалмак. Тилекке каршы президент интригандардын сөзүнө кирип, ал мыйзам долбооруна кол койбой койду. Эки ай күйдүк. Экинчи, эки мыйзам долбоорун биз май айынын соңунда кабыл алып, президентке жөнөттүк. Бир ай басып жатып, дагын интригандардын сөзүнө кирип, мына бизге бүгүн келип олтурат. Ошентип үч ай жоготтук. Үч ай жоготкондуктан шайлоону ноябрдын жыйырмасына жылдырууга туура келип жатат. Ал эми референдумдун чечими боюнча шайлоо октябрдын башында болуш керек эле.

Шайлоо мөөнөтүн жылдыруу сунушу макулдашуу комиссиясында жактырылган. Вето коюлган мыйзамдар боюнча макулдашуу комиссиясына тийешелүү комитеттердин мүчөлөрү, өкмөт, президенттин парламенттеги өкүлдөрү жана мыйзамдын демилгечиси кирген. Ал комиссия 22-июнда жыйын куруп, президенттин ветосу негизинен жөндүү деген пикирге келген.

Макулдашуу комиссиясынын жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев шайлоо мөөнөтүн ноябрь айына которууну сунуштаган. Ал тууралуу өкмөттүн парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев буларды билдирди:

- Ошол комиссия сунуштап жатат 20-ноябрь ылайыктуу деп. Муну

өкмөт сунуштаган жок. Биз өкмөт октябрь айында эле өткөргөн туура болмок деп турабыз. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы жетишпей калабыз, себеби комиссияларды түзүп, аларды окутуп-чокутуп, алар тизмелерди тактап, даярдык көрүү үчүн төрт айдан кем эмес убакыт керек дешүүдө. Ошентип ноябрды ошолор сунуштады.

Ошентип, 24-июнда Жогорку Кеңеш шайлоого байланыштуу мыйзамдарды кайра карайт. “Ата-Журт” фракциясынын айрым депутаттары ветону ашып түшүүнү сунушташууда. Ал эми КСДП фракциясы президенттин каршы пикирин эске алып, мыйзамдын айрым беренелерине өзгөртүү жана түзөтүүлөрдү киргизүүнү 22-июнда жактырган.

Белгилей турган нерсе, Жогорку Кеңеш 1-июлдан тарта жайкы танаписке тарайт. Ага чейин эки жолу гана пленардык жыйын өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан мыйзамдар кабыл алынбай, шайлоо мөөнөтү жарыяланбай калат деген чочулоолор бар.
Мына ошондуктан “Ата-Журт” фракциясынын жыйынында фракция лидери Камчыбек Ташиев президент Роза Отунбаеванын ыйгарым-укуктарын узартууну чын-тамаша иретинде айтып чыкты окшойт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG