Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Президенттик шайлоонун мыйзамы быша элек


Былтыр 27-июндагы референдумда кабыл алынган конституциялык өзгөртүүгө ылайык, президенттик шайлоо күнүн Жогорку Кеңеш дайындашы керек.
Былтыр 27-июндагы референдумда кабыл алынган конституциялык өзгөртүүгө ылайык, президенттик шайлоо күнүн Жогорку Кеңеш дайындашы керек.

Президенттик шайлоо боюнча мыйзамга вето коюлгандыктан парламент эми шайлоо мөөнөтүн жарыялоого үлгүрбөй калат деген чочулоолор да жок эмес.

Себеби парламент ушул айдын этегинде жайкы танаписке тарап кетет. Жаңы Конституцияга ылайык Кыргызстанда президент бир мөөнөткө, алты жылга шайланат.

Шайлоо күнүн Жогорку Кеңеш дайындайт. Мына ошого байланыштуу парламент “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” мыйзамдарды кабыл алып, кол коюуга президентке жолдогон. Бирок президент мыйзамга вето коюп, өткөн жумада парламентке кайтарды.

Парламент мыйзамды кайра караганга үлгүрөбү?

Эми парламенттин комитеттери кайтарылган мыйзамдарды карап, бейшемби күнү парламенттин кароосуна алып чыгыш керек. Парламент добуш бергенден кийин кайрадан президентке жөнөтүлөт. Президент мыйзамдарга кол койгондон кийин парламент мына ошол мыйзамдардын негизинде президенттик шайлоону жарыялайт.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков эгерде парламент шайлоону жарыялоого үлгүрбөй калса, шайлоо эски мыйзамдар менен өтөт деген пикирин айтты:

- Үлгүрүшүбүз керек. Эгерде кабыл албай калсак, анда шайлоо эски мыйзамдар менен өтүп калат. Ошон үчүн жаңы реформаланган түрдө шайлоо өткөрүү үчүн биз мыйзамды сөзсүз түрдө бейшемби күнү кабыл алышыбыз керек деп турабыз.

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Азимбек Бекназаров шайлоо сөзсүз жаңы мыйзамдар менен өтүүгө тийиштигин билдирип, парламент шайлоону дайындоого үлгүрбөй калса, чукул сессия чакыруу жолу бар экенин белгиледи:

- Парламент үлгүрөт. Үч күн жумуш күнү бар. Каралбай калса, июлдун башында кезексиз чукул сессия чакырып караса да болот. Жолдору көп кааласа. Эгерде карабай койсо, аны трагедия кылыштын кажети жок. Анткени президенттин ыйгарым укуктары кандай болгон күндө да 31-декабрда бүтөт. Төрага президенттин милдетин аткарып кала берет. Шайлоо өтө берет. Анын эч кандай кыйынчылыгы жок.

БШК курамы да өзгөрүшү керек

Президент шайлоого байланыштуу мыйзамдарда шайлоону өткөрүүгө жумшала турган акчанын суммасы өкмөт менен макулдашылган эмес, шайлоо округдарынын чек аралары такталган эмес деп вето койгон.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев азырынча парламент вето коюлган мыйзамдарды кароого үлгүрөт деген гана ойдо турганын билдирди. Сариевдин айтымында, жаңы мыйзамга ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы өзгөрүүгө тийиш. Анткени БШКга мүчөлүккө президент, башкаруучу коалиция жана парламенттик оппозиция гана талапкерлерди көрсөтүп, шайлай алат. Ошондуктан БШКнын курамы да өзгөрүү алдында турат.

Президенттик шайлоого катышууну көздөгөн саясатчылар болсо жер-жерлерде штабдарын ачып, уюштуруу иштерин жүргүзө баштаганы маалым. Шайлоо багытындагы интернет сайттар ачылып, күрдөөлдүү иш жүргүзүүдө.

Президенттик шайлоонун күнү жарыяланар алдында “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин сурак бере башташы кырдаалды курчута баштады. Маселен, дүйшөмбү күнү Ош, Жалал-Абадда Ташиевдин тарапкерлери митингге чыгып, ага козголгон кылмыш ишти токтотууну талап кылышты.

Ташиев президенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин жашырбай келатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG