Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:00

Кытай Компартиянын 90 жылдыгын белгилөөдө


Компартиянын мааракесин утурлай акыркы үч айда ушундай желектен 30 миң даанадан ашуун жасалды.
Компартиянын мааракесин утурлай акыркы үч айда ушундай желектен 30 миң даанадан ашуун жасалды.
Мамлекеттик сыналгыдан берилген бүгүнкү мааракелик сөзүндө Кытайдын президенти, Компартиянын башкатчысы Ху Цзинтао партия тарыхынын өлкөнүн алга жылышын аныктаган урунттуу учурларына токтолду.

Ху Цзинтаонун айтымында, кытай эли партияны бийликке жеткирген ыңкылапты жана "бакубат жашоо алып келген экономикалык реформаларды" колдогон. Ал сөзүндө коммунисттик режимдин алгачкы он жылдыктарындагы кандуу өнөктүктөрдү эскерген жок. Анда он миллиондогон адамдардын өмүрү кыйылган эле.

Бирок Ху Цзинтао КПКнын ийгилиги көбүнесе партиянын өз катачылыктарын окуп-үйрөнүүгө жөндөмдүүлүгү менен түшүндүрүлөрүн белгиледи. Кытайдын Коммунисттик партиясы 1921-жылы Коминтерндин жардамы менен уюшулган.

XS
SM
MD
LG