Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Мурдагы вице-мэр Филатовго кылмыш иши козголду


Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри, 2008-2010-жылдары жер тилкесин бөлүп берүү комиссиясынын төрагасы болуп турган Андрей Филатовду кызматтык кылмышка баргандыгын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Малыматка ылайык, план боюнча мектеп салына турган жерди (Масалиев көчөсү менен Тынчтык проспектисинин ортосу) 2010-жылы 15-январда мэрдин ордуна кол коюп, мыйзамсыз токтом менен “ЭлитДомСтрой” ишканасына өткөрүп берген.

Бул боюнча прокуратура кылмыш ишин козгоп, мэрияга аталган токтомду жокко чыгаруу тапшырмасы берилди. Мындан сырткары Филатов жасалма документтин негизинде “Ата-Түрк” гүл багынын жогору жагына “Жеке турак-жай куруу жөнүндө” мэриянын токтомун чыгарган.

Иликтөөнүн натыйжасында Филатов менен бирге дагы эки адамга 305-2-беренеси (Жер кодексин бузуу) жана 315-берене (кызматтан пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш иш Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG