Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Жергеталдыктар кыргыз бийлигинен жардам күтөт


Тажикстандын Жерге-Тал районундагы этностук кыргыздар жашаган Мөк, Депшар айылында көпүрөнү суу алып кеткен. Натыйжада жергиликтүү тургундардын Тажикстандын ички райондору менен байланышы үзүлүп, тамак-аш, дары-дармек маселеси курч болууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү коомчулуктун өкүлү Ызат Абакиров кабарлады.

Жергеталдыктар бул маселе боюнча бир апта мурда тажик бийлигине кайрылып, жооп ала алышкан эмес. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу аталган эки айыл тургундары кыргыз бийлигинен жардам сурап жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG