Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариев БШКнын айланасындагы окуялар боюнча маалымат жыйын өткөрдү.
Ал Боршайкомдун эски курамы жаңы курамдын иштешине мүмкүндүк берип кабинеттерин бошотушканын билдирди. Бирок муну толук кызматтан чегинди деп айтууга болбостугун, соңку кырдаал тууралуу өлкө жетекчилерине кат жолдогону жатышканын, бул маселени бийлик өзү чечерин айтты.
БШКнын жаңы курамына байланыштуу сотко да кайрылышы ыктымалдыгын айтты.
4-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын эски жана жаңы курамдарынын ортосунда карама-каршылык чыккан. Соңунда БШКнын жаңы курамы өзүнүн төрагасы кылып Туйгунаалы Абдраимовду шайлап, расмий түрдө ишке киришкенин жарыялаган.
Бул жагдайды БШКнын мурдагы курамынын төрагасы Акылбек Сариев мыйзамсыз аракет катары баалап, расмий түрдө алардын ыйгарым укуктарын эч ким токтотпогонун жар салган болчу. Президент Роза Отунбаева да Боршайкомдун жаңы курамы эки башка мыйзам менен шайланып калганын сындап чыккан. (EBM)