Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Июнь коогалаңы боюнча Жалал-Абад соту дагы которулду


Жалал-Абаддагы июнь коогалаңы боюнча сот иши 4-июлда төртүнчү ирет кийинкиге которулду. Буга айыпталуучулар менен жабырлануучулардын сотко келбей калганы негиз болду. Келерки сот отуруму 13-июлга белгиленди.

"Азаттыктын" Жалал-Абаддагы кабарчысынын билдиргенине караганда, бул сот ишине 7 айыпталуучу, 60 жабырлануучу жана 203 күбө тартылууда. Июнь окуясы боюнча Кылмыш кодексинин массалык башаламандыкты уюштуруу, катышуу, сепаратисттик ишмердүүлүк жүргүзүү, улуттук, расалык же диний араздашууга от жагуу өңдүү беренелерге ылайык козголгон бул кылмыш ишти Жалал-Абад шаардык соту карап жатат.

Айыптуу деп саналып жаткандардын экөөнө - Жалал-Абаддагы жана Оштогу өзбек маданий борборлорунун мурдагы башчылары Кадыржан Батыров менен Имон Абдрасуловго Башкы прокуратура издөө жарыялаган. (BuS)

XS
SM
MD
LG