Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:59

Ысык-Көлдө эки гектар жердеги кара куурай жок кылынды


Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын билдиришинче, 5-июлда Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунда жапайы кара куурайларды жок кылуу боюнча иш-чара өттү. Анда эки гектар жердеги 2,7 тонна быша элек кара куурай чогултуп өрттөлдү.

Учурда аталган кызмат жапайы кара куурай өскөн талааларды тазалоо иштерин улантууда. Ысык-Көлдө жалпысынан 35 миңден ашык гектар жер иликтенип, анын 1400дөйүн жапайы куурай басып кеткени анык болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG