Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

Орусияда Кыргызстан жараны адам өлтүргөн деп айыпталууда


Санкт-Петербургда Кыргызстан жараны Динмухамед Ысаковго эки адамды өлтүргөн деген айып тагылганы айтылууда. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары Орусиянын Башкы иликтөө комитетинин башкы башкармалыгына таянып жазып чыкты. Иликтөө материалдарына ылайык, Ысаков 2010-жылдын 4-апрелинде чогуу ичимдик ичип отурган жергиликтүү эки адам менен уруша кетип, аларды бычактап салган.

Маалыматка караганда, сот Кыргызстан жаранына жакынкы күндөрү өкүмүн угузат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдысияевдин “Азаттыкка” айтымында, сот жабык өтүп, ага кыргыз тараптан эч ким катышкан эмес. “Биз учурда маалыматты тактап, сураштырып жатабыз”, - дейт ал. (КЕ)

XS
SM
MD
LG