Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Адам сатуу боюнча былтыр 13 кылмыш иши козголгон


Андай кылмыш иштеринин бири Казакстанга кулчулукка сатылып кеткен 75 жаштагы карыяга тиешелүү. Жакында Кыргызстанга кайтарылган бул карыяны кулчулукка кошунасы сатып жиберген. Бул тууралуу “Азаттыкка” Эмгек, ишке жайгаштыруу жана миграция министри Алмаз Абытов билдирди.

Бүгүн Бишкекте адам сатууга каршы 2011-2015-жылдар үчүн Улуттук негизги планды иштеп чыгуучу жумушчу топ кезектеги жыйынга чогулду. Документти иштеп чыгууга ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси, БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, Эл аралык миграция уюму көмөк көрсөтүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG