Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:46

Сотторду тандоо кеңеши жаңы чырдын башыбы?


Жогорку Соттун алдындагы нааразылык акциясынан бир көрүнүш.
Жогорку Соттун алдындагы нааразылык акциясынан бир көрүнүш.

Укук коргоочулар парламент фракцияларындагы Сотторду тандоо кеңешинин курамын бекитүү шарттарын сындап чыгышты.

Сотторду тандоо кеңешинин курамына талапкерлерди кароо парламенттеги партиялык кызыкчылыктар аркылуу жең ичинен жүргүзүлдү деп айыптаган укук коргоочулар муну менен сот бийлиги көз каранды абалда кала тургандыгын эскертишүүдө.

Укук коргоочулардын айтымында, Соттор кеңешине мүчөлөрдү тандоодо парламенттик оппозиция жана башкаруучу коалиция өздөрүнүн саясий кызыкчылыктарын жогору коюшкан. Алардын айтымында, укук коргоо кыймылынан жана башка жарандык коомдон сунушталган көрүнүктүү өкүлдөрдүн талапкерлиги каралбай калган.

Токтайым Үмөталиева
Бейөкмөт уюмдар биримдигинин төрайымы Токтайым Үмөталиева муну менен сот бийлиги парламенттеги партиялардын саясий кызыкчылыгына кызмат кыла тургандай абалда калды деп эсептейт:

- Жарандык коомдон көрсөтүлгөн талапкерлерди парламенттик коалиция же парламенттик оппозиция деле караган жок. Бирок алар аты-жөнү коомчулукка белгисиз бирөөлөрдүн талапкерлигин жарандык коомдон келди деген шылтоо менен эле өздөрү түртүп жатышат.

Мына ушундай жол менен парламенттеги беш партия сот бийлигин бөлүп алып, өздөрүнүн көзөмөлүндө кармоого катуу далалат кылып жатышат. Мунун аягы тандоо кеңеши аркылуу парламент кайрадан сот бийлигин көз каранды абалга кептеп, саясий партиялардын кызыкчылыгына дал келе тургандай гана чечимдерди чыгартууга кызыкдар болуп жатат.


Жарандык коом четте калдыбы?

Мыйзам боюнча Сотторду тандоо кеңешине парламенттеги башкаруу коалициядан, оппозициядан жана сот тутумунун өзүнөн көрсөтүлөт. Бардыгы болуп Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы саны 24 адамды түзөт.

Азиза Абдрасулова нааразылык акциясы учурунда, 13-ноябрь, 2007-жыл
Мыйзамдын өзүндө Соттор кеңешине жарандык коомдон өкүлдөрдү тандоонун эрежелери так көрсөтүлбөй калгандыгы сынга алынды. Укук коргоочу Азиза Абдрасулова анын натыйжасында ачык-айкындык камсыздалбай калгандыгына токтолду:

- Бардык катмардын кызыкчылыгын караган ачык-айкын тандоо болбой калды. Биз укук коргоочулар кеңешинен белгилүү адвокат Нурбек Токтакуновдун талапкерлигин көрсөткөн болчубуз. Бирок парламент анын талапкерлигин бекитмек турсун, башында эле сунуш кылынган тизмеге да киргизбептир. Бизде ушундан улам Соттор кеңеши кандай жол менен тандалып жаткандыгы жана ага мүчөлүккө талапкерлер канчалык деңгээлде талкуудан өткөндүгү боюнча шек саноолор пайда болду. Мына ошого байланыштуу биз Соттор кеңешинин ишин карай турган жарандык көзөмөл органын түзөлү деп жатабыз.

Көч бара-бара түзөлөт

Бирок мындай дооматтар менен бир катар парламентарийлер макул эмес. Алар Баш мыйзамга ылайык берилген ыйгарым укуктардын негизинде Соттор кеңешине тандоо жүргүзүлгөндүгүн эске салышты.

Социал-демократтар фракциясынан депутат Замирбек Алымбеков Соттор кеңешине татыктуу адамдардын талапкерлигине басым жасалгандыгын белгиледи:

- Биз бул маселени фракцияда карадык. Биздин фракция белгилүү юрист, медиа-өкүлчүлүктөн Шамарал Майчиевдин талапкерлигин көрсөттүк. Бул киши сот тутумуна тиешеси жок, бирок ошол эле мезгилде бул тармакты эң мыкты билген инсан катары таанымал экендигин билебиз. Андыктан бул боюнча айтылып жаткан айрым укук коргоочулардын дооматы негизсиз деп ойлойм.

Жогорку Соттун алдындагы нааразылык акциясынан бир көрүнүш, 5-июль, 2010-жыл
Анткен менен эксперттер Сотторду тандоо кеңеши боюнча мыйзамда жарандык коомдон талапкерлерди жылдыруунун шарттары анчейин даана иштелип чыкпагандыгын моюнга алышат. Өкмөттүн парламенттеги мурдагы өкүлү Данияр Нарынбаев буга окшогон укуктук калпыстыктар бара-бара жолго коюла тургандыгын айтып өттү:

- Биз эми бул системага жаңыдан кирип, тажрыйба топтоп жатабыз. Кийин балким, мына ошол мыйзамга өзгөртүү киргизип, атайын эрежелерди киргизүү менен жарандык коомдун талабын кандайча эске алуу керек экендигин иштеп чыкса болот. Бирок Соттор кеңешине мүчөлөрдү тандоодо бул жолку мыйзамды бузуулар болгон жок. Бардык талапкерлер фракциялардын жыйындарында белгиленген тартипте көрсөтүлүштү.

Буга чейин парламенттик фракциялардан көрсөтүлгөн Сотторду тандоо кеңешинин жалпы курамы 8-июль күнү парламенттин кезексиз чакырылган отурумунда бекитилмекчи.

XS
SM
MD
LG