Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Улутташтырылган объекттер маселесин кайра кароо сунушталууда


Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында мындай демилгени Социал-демократтар фракциясынан депутат Дамира Ниязалиева жана “Республика” фракциясынын жетекчиси Канатбек Исаев билдирип чыгышты. Алар парламенттин токтому шашылыш өтүп кеткенин, депутаттардын көбү профилдик комитеттин корутундусу менен тааныш болбогонун жүйө кармашты. Буга байланыштуу төрага Ахматбек Келдибеков тизмедеги объектилердин айрымдары мыйзамсыз улутташтырылганын, алардын ээлери чыгымга учурап жатканын, депутаттардын бардыгы токтомдун акыркы варианты менен тааныш болгонун айтты. Талкуунун аягында "Улутташтырылган объектилер жөнүндө" мыйзам кайрадан тактап чыгуу үчүн тиешелүү комитеттерге жиберилип, кезексиз сессияда тыныгуу жарыяланды.

Жогорку Кеңеш 30-июнда кабыл алган токтомдун натыйжасында, апрель ыңкылабынан кийин улутташтырылган объектилердин бир катарынын тагдырын сот чече турган болгон. Буга чейин “Мекен шейиттери” коомдук бирикмеси соттук процессте улутташтырылышы керек болгон объектилер мурдагы ээлерине өтүп кетиши мүмкүн деген кооптонууларын билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG