Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:10

Өкмөт: Жалал-Абад мэринин кызматтан алынышы акыркы чечим


Өкмөт аппараты Жалал-Абад шаар мэринин милдетин аткаруучу Максатбек Жээнбековдун кызматтан алынышына байланыштуу билдирүү таратып, премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин мындай буйругу акыркы чечим экендигин, "ал сооданын куралы болбой турганын" ачыктады. Мындан сырткары өкмөт аппараты Атамбаев Жээнбековду сүйлөшүүгө чакырганы тууралуу кептер чындыкка жатпай турганын жарыялады.

Кечээ Жалал-Абад шаар мэринин милдетин аткаруучу Максатбек Жээнбеков Орусиянын жараны деген жүйө менен кызматтан алынган. Бүгүн Жалал-Абад шаар мэриясынын алдына 200гө жакын киши чогулуп, Жээнбековдун кызматтан алынышына нааразылыгын билдирип, бул буйрук тууралуу өкмөт башчы өзү түшүндүрмө беришин талап кылышкан. Жалал-Абадда жүргөн вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов менен Максатбек Жээнбеков элди таркап кетүүгө чакырганы менен, чогулгандар буга макул болбой жатышат. (KKs)

XS
SM
MD
LG