Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

Парижде Стросс-Канга жаңы айып боюнча иликтөө башталды


Париж прокуратурасы Эл аралык валюта корунун мурдагы жетекчиси Доминик Стросс-Канга каршы "аял зордуктаган" деген кине менен козголгон ишти териштире баштайт.

Укук коргоо органдарына француз журналист жана жазуучу Тристан Банон кайрылган. Журналисттин айтуусунда, 2003-жылы Стросс-Кандан интервью алганы келгенде зордуктоо аракетине кабылган. Ал кезде Банонду сотко кайрылбоого көндүрүшкөн.

Доминик Стросс-Кан учурда АКШда зордуктоо аракетин териштирген соттук процесске катышууда. Ал ишке байланыштуу Эл аралык валюта корунун жетекчилик кызматынан кеткен.

XS
SM
MD
LG