Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

Оппозициячыл журналист Казакстандын УККсын сотко берди


"Взгляд" гезитинин баш редактору Игор Винявский Европага конференцияга барышына бөгөт болгон Улуттук коопсуздук комитети менен голландиялык KLM аба жолдорун сотко берип жаткандыгын бышыктады. Журналисттин айтымында, 21-июнда Коопсуздук комитетинин чек ара кызматы менен KLM авиакомпаниясынын кызматкерлери аны Брүсселге уча турган учактан түшүрүп калышкан.

Винявский Брүсселде Борбор Азиядагы коррупция боюнча конференцияга катышмак. Коопсуздук комитетинин кызматкерлери ага чет өлкөгө чыгууга визасы туура эместигин айтышкан. Журналисттин адвокаты Сергей Уткин виза маселеси чек ара кызматынын милдетине кирбей тургандыгын айтат. Винявский сот аркылуу 500 миң тенге компенсация өндүрүүгө үмүттөнүүдө.

XS
SM
MD
LG