Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:56

«Ар-намыс» партиясы президенттикке талапкерди кайра тандайт


Партиянын лидери Феликс Куловдун демилгеси менен "Ар-намыстын" курултайында президенттикке талапкерлерге добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко  чыгарылды. Ф.Куловдун “Азаттыкка” айтканына караганда, алдыдагы 10 күндүн ичинде “Ар-намыс” партиясы курултай өткөрүп, талапкер тандайт.

Ишембиде “Ар-намыс” партиясынын 170 делегат катышкан IX курултайында президенттикке Анарбек Калматов менен Акылбек Жапаровдун талапкерлиги тандоого коюлду.   Натыйжада А.Калматов – 96, А.Жапаров – 72 добуш алды. Кийинчерээк делегаттарда нааразылык пайда болуп, добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда өтөт.

 

XS
SM
MD
LG